• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абаддагы ардагерлерге Жеңиштин 75 жылдыгына арналган мааракелик медалдар тапшырылды

Жеңишке 75 0

Бишкек, 09.05.20. /Кабар/. Ѳкмѳттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Нурболот Мирзахмедов Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттуктап, аларга медалдарды тапшырды. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 9-майда ѳкүл Нурболот Мирзахмедов Советтер Союзунун баатыры Тукубай Тайгараевдин эстелигине гүл коюп, согушта каза болгондорду эскерди.

Мирзахмедов согуштун ардагерлерине президент Сооронбай Жээнбековдун атынан «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл» мааракелик медалы жана Россиянын президенти Владимир Путиндин атынан «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл» мааракелик медалдарын тапшырды.

"Андан сырткары, Н.Мирзахмедов акчалай сыйлыктарын берип, аларга ѳз ыраазычылыгын билдирип, басып өткөн даңктуу жолдоруна таазим кылып, узун өмүр, бекем ден-соолук каалады", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий