• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда жол кырсыгынан 6 киши каза болуп, 2 адам жабыркаган

Кырсык 0


Бишкек, 12.06.21. /Кабар/. Жалал-Абадда жол кырсыгынан 6 адам каза болуп, 2 адам жабыркаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 495-чакырымында (Ууру-Жар айылы) “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен “Хонда-Одиссей” үлгүсүндөгү унаа кагышып, натыйжада 6 адам каза болуп, 2 адам (аты-жөндөрү такталууда) жабыркаган.

Жерине ӨКМден 4 куткаруучу тартылып, каза болгон жана жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып, каза болгон адамдарды милиция кызматкерлерине, ал эми жабыркаган адамдарды тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий