• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдөгү жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, жетөө жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 19.02.19. /Кабар/. Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 69-чакырымында болжол менен саат 21:40 чамасында «Тойота Ист» жана «Ауди С-4» үлгүсүндөгү эки унаа кагылышкан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдиргендей, кырсыктан 1 адам каза болуп, жетөө ар кандай жаракаттарды алган.

Кырсык болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары барып, жаракат алгандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми каза болгон эркек кишинин жансыз денеси ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий