• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бир уул, алты кыз. Иракта 25 жаштагы аял жети эм төрөдү

Дүйнө 0

Бишкек, 19.02.19. /Кабар/. Иракта жергиликтүү жаран бир убакта жети эм төрөгөн. Бул тууралуу РИА Новости Дияла провинциясынын саламаттык сактоо департаментине шилтеме берип жазды.

Маалыматка ылайык, ымыркайлардын энеси болгону 25 жашта. Ал табигый жол менен бир уул жана алты кызды жарык дүйнөгө алып келди.

Аль-Баттуль оорукананын директору Али Шариф билдиргендей, эне жана наристелердин саламаттыгы жакшы. Ал бул Ирак үчүн болуп көрбөгөндөй окуя болгондугун билдирди.

Пикир

Оставить комментарий