• 88.68
  • 95
  • 0.95

Айланма жолдогу кырсыктан беш адам каза болуп, 13ү жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 26.01.24. /Кабар/. Бишкектин четиндеги айланма жолдогу кырсыктан беш адам каза болду. Бул тууралуу агенттикке Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, жеринде төрт адам каза болуп, бирөө ооруканага бараткан жолдо көз жумган.

Каргашалуу окуядан 13 киши жабыркады, анын төртөө ооруканада, калгандары амбулатордук дарыланууда. Бейтапканага жаткырылган төрт адамдын бирөө реанимацияда, абалы оор, калгандарыныкы орточо оордукта экендигин айтылды.

Пикир

Оставить комментарий