• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы экономикалык кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 27.01.24. /Кабар/. КР Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Австриянын Федералдык экономикалык палатасынын вице-президенти Вольфганг Хезун менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган уюмдан билдиришти.

Тараптардын жолугушуусу Вена шаарында өтүп, ага ошондой эле Кыргызстандын Австриядагы элчиси Толенды Макеев катышкан.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы экономикалык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты жана өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоо үчүн олуттуу потенциалды белгилешти.

Темир Сариев кыргыз тарапты олуттуу кызыктырган кызматташтыктын багыттары катары гидроэнергетика, энергиянын кайра жаралуучу булактары, экотуризм, жеңил өнөр жай, банк сектору, IT технологияларды өнүктүрүү тармактарын белгиледи.

КР Соода-өнөр жай палатасы менен Австриянын Федералдык экономикалык палатасынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү алкагында кыргыз-австриялык бизнес-форумду өткөрүү сунушталган.

Пикир

Оставить комментарий