• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абаддын элет турмушун жакшыртууга 1,9 миллион евро жумшалат

Аймак 0

Бишкек, 12.11.19. /Кабар/. "Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү программасынын" алкагында Жалал-Абаддын элет турмушун жакшыртууга 1,9 миллион евро жумшалат. Бул тууралуу Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, Жалал-Абад облусунун жергиликтүү экономикасын өнүктүрүү жана калктын жашоо шартын жакшыртуу аракеттери колго алынууда. Бул багытта аймакта 2022-жылга чейин айыл чарба, туризм жана кайра иштетүү тармактарында колдоо тапкан долбоорлор жүзөгө ашырылат.

"Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү программасынын" алкагында жарыяланган сынакта 8 долбоор жактырылып, ишке ашуу алдында турат. Ага Европа биримдиги жана Германиянын экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү федералдык министрлиги (аткаруучу GIZ) тарабынан каржылык көмөк көрсөтүлүүдө. Бул багытта Бишкек шаарында демөөрчүлөрдүн, облус аймактарын өнүктүрүүдөгү долбоорлору бар бейөкмөт уюмдардын жана район башчыларынын катышуусундагы жыйын өттү. Анда уюштуруучулар тарабынан колдоо тапкан долбоорлор тааныштырылып, ишке ашыруудагы уникалдуулугу менен натыйжалуулугу жөнүндө маалыматтар берилди", - деп билдиришти өкүлчүлүктөн.

Программанын алкагында "Youth of Osh" коомдук бирикмеси тарабынан Жалал-Абад облусунун туризм тармагын өнүктүрүү долбоору тандалып алынган. Аталган бирикменин аткаруучу директору Акмарал Сатинбаеванын айтымында, облуста туристтик потенциалы бар жайлар көп. Азыркы мезгилде аларды жарнамалоо иши солгундап жатат.

"Азырынча өнүккөн өлкөлөр сыяктуу заманбап туристтик жайларыбыз жок болгону менен, өлкөбүздүн четки аймактарында жашаган калктын күнүмдүк жашоо турмушу, да сырттан келген туристтер үчүн кызыктуу. Анткени ар аймактын өзгөчө жашоо образы бар. Аларды таанытуу менен бирге улуттук баалуулуктарыбызды жайылтууга да мүмкүнчүлүк түзүлүүдө", - дейт А. Сатинбаева.

Белгилей кетсек, "Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү программасы" Жалал-Абад облусунун элет калкынын жашоо шартын жакшыртууга багытталган. Ал 2018-жылдан 2022-жылга чейин иш алып барып, жалпы бюджети 11,3 миллион еврону түзөт. Каржыланып жаткан долбоорлордун жалпы сметасы 1,9 миллион евро өлчөмүндөгү кайтарымсыз грант.

Пикир

Оставить комментарий