• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мурдагы судья Жаркееванын иши: Күбөлөрдүн жоктугуна байланыштуу отурум жылдырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.11.19 /Кабар/. Бүгүн Биринчи май райондук сотунда Свердлов райондук сотунун мурдагы соту Элвира Жаркееванын иши боюнча соттук отурум уланды.

Отурум күбөлөрдүн жоктугуна байланыштуу жылдырылган. Прокурор билдиргендей, күбөлөрдүн бардыгына отурумга келүү керектиги тууралуу билдирме берилген, бирок эч ким келген жок. Судья күчтөп алып келүү керектигин маалымдаган.

Кийинки отурум 15-ноябрга жылдырылды.

Эскерте кетсек, Жаркеевага Кылмыш кодексинин 304 жана 328-беренелери боюнча айып тагылууда.

Жаркеева судья болуп жүргөн кезде атайылап, кылмыштык топтун кызыкчылыгын көздөп жана курулуш компаниянын мүлкүн ээлеп калуу максатында бир катар мыйзамсыз соттук чечимдерди кабыл алган.

Пикир

Оставить комментарий