• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жамалдинов Ош облусунун жол, транспорт жана байланыш тармагынын жетекчилерин кабыл алды

Аймак 0

Бишкек, 17.08.21. /Кабар/. 16-августта президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Ош облусундагы жол, транспорт, монополияга каршы күрөшүү жана байланыш тармагынын жетекчилерин кабыл алды. Бул тууралуу Ош облусундагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызаты билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда жетекчилер жыл башынан бери аткарылып жаткан жумуштар тууралуу маалымат беришти. Ош облусунун башчысы жетекчилер менен кышка даярдык, Ош шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу, билим берүү жана медициналык мекемелерди санариптештирүү тууралуу сүйлөшүштү.

Ошондой эле Зиядин Жамалдинов Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башчысына кайрылып, эттин баасын жөнгө салуу керектигин айтты.

“Мал базарларда малдын баасы төмөндөдү. Бирок, эттин баасы түшө элек. Сиздер эттин баасын төмөндөтүү боюнча иш алып барышыңыздар керек. Ош облусунун райондорунда бирдей баа болсун, райондордо эттин баасын Ош шаары менен салыштырбай арзан болушу зарыл”, - деди Зиядин Жамалдинов.

Мындан сырткары, материалдык резервдер фондунда ундун баасы 1 250 сом болуп жатканын айтып, жарандарга бул маалыматты жеткирүү тууралуу тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий