• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жаманкулов: Ысык-Көлдө санаторий, пансионаттарды жабуу боюнча эч кандай чечим кабыл алынган эмес

Коом 0

Бишкек, 01.04.20. /Кабар/. Ысык-Көлдө санаторий, пансионаттарды жабуу боюнча эч кандай чечим кабыл алынган эмес. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын пикиринде, өлкөдө кырдаал турукташа баштаганда туристтик компаниялар менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр жандандырылат.

"Мындай божомолдор коронавирустун жайылышынан улам бир гана биздин өлкөдө эмес, дүйнө жүзү боюнча күтүлүүдө", - дейт министр.

Жаманкулов белгилегендей, Ысык-Көл облусундагы санаторий, пансионат жана эс алуу үйлөрүн жабуу боюнча азыр эч кандай чечим кабыл алынган эмес.

Белгилей кетсек, 1-апрелге карата Кыргызстанда 111 адам коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды. Алардын арасынан Жалал-Абад облусунда үчөө айыгып чыккан.

Коронавирустан улам Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген. Саат 20:00-07:00гө чейин коменданттык саат белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана жол кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий