• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жамшитбек Калилов: “2016-жылы мамлекеттик капиталдык салым боюнча 2,9 млрд сомдук жумуш аткарылды”

Экономика 0

Бишкек, 16 -февраль /Кабар/. 2016-жылы мамлекеттик капиталдык салым боюнча 2 млрд 955,3 млн сомдук жумуш аткарылды. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов билдирди.

Алардын ичинен “Бишкек-Аэропорт "Манас” автожолуна 23 км аралыкка 978,3 млн сомго асфальт төшөлдү. Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду автожолуна 25,5 км аралыкка 1 млрд 459,2 млн сомго асфальтобетон төшөлдү. Балыкчы шаарынын Абдрахманов көчөсүнө 6,64 км аралыкка 140 млн сомго асфальтобетон төшөлдү. Калган объекттер боюнча мамлекеттик казына вексель тизмеси менен 30,8 км аралыкка 197,7 млн сомго асфальтобетон төшөлдү. Ал эми 46,3 аралыктагы автожолдорго 141,3 млн сомго шагыл төшөлдү. 196 п/м аралыкта 3 көпүрөнүн курулушу жүрүүдө.

“Бул көпүрөлөрдүн экөө жакында курулуп бүтөт”,-деди министр.

Пикир

Оставить комментарий