• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жапаров: Аялдар жана балдарга карата кылмыштар үчүн жоопкерчилик күчөтүлөт

Президент 0

Бишкек, 05.05.21. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров жаңы Конституцияга байланыштуу элге кайрылуусунун алкагында аялдарга жана балдарга карата кылмыштар үчүн жоопкерчиликти катаалдаштыруу керектигин белгиледи.

“Акыркы учурларда калктын аялуу катмарларына, айрыкча аялдарга, балдарга, ошондой эле менчикке кол салуу сыяктуу кылмыштар коомчулукта чоң резонансты жаратууда”,-деди ал.

Президент мындай кылмыштар үчүн жоопкерчиликти катаалдаштыруу керек деп эсептейт.

“Ошондуктан мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү даярдоону тапшырдым. Ошону менен катар эле, майда кылмыштуулукка байланыштуу мыйзамдарды гумандаштыруу боюнча да ишти улантуубуз керек. Ал үчүн керектүү укуктук негиздер бар. Тергөөнүн жана соттун мындай кылмыштарды туура квалификациялоосуна жетишүү керек”,-деген ал өз сөзүндө.

Пикир

Оставить комментарий