• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жарасул Абдураимов Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун башчысы менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 11.06.21. /Кабар/. Ош облусунун башчысы Жарасул Абдураимов Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун башчысы Ван Синган менен жолугушту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуу “Эркештам” өткөрмө бекетинде өттү. Ага Кыргыз тараптан министрлер кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов, Чек ара, Бажы кызматынын өкүлдөрү, Жүк ташуучулардын ассоциация кызматкерлери жана Кытай тараптан Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун башчысы Ван Синган жана Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун Улуу-Чат районунун жаңы дайындалган акими Миталип Сайпидин баштаган делегация катышты.

Пандемияга байланыштуу эки тараптын делегациясы коргонуучу каражаттарды колдонуп, аралыктан сүйлөшүштү.

Жолугушууда “Эркештам” өткөрмө бекетинен жүк өткөрүүнүн жаңы ыкмасы менен таанышуу болду. Азыркы учурда өткөрмө бекеттен бир жүк ташуучу унаанын санитардык нормаларды аткарып өтүүсү үчүн 40 мүнөттөн бир саатка чейин убакыт кетери айтылды. Эгерде сунушталып жаткан жаңы ыкма колдонулса жүк ташуучу унаалардын өтүүсү үч эсеге көбөйүп, убакыт үнөмдөлөт.

Бирок “Эркештам” өткөрмө бекети жаңы ыкманы колдонуу талабына жооп бербейт. Ошондуктан аталган жайды кеңейтүү керектиги айтылды.

“Аталган көйгөйдү чечүү аракеттери жүрөт. “Эркештам” өткөрмө бекети Кытайдан жүк өтүүчү негизги жайлардын бири. Азыр пандемияга байланыштуу бул чек ара бекетинен жүктүн өтүүсү азайыптыр. Себеби, жүк ташуучу унааларды дезинфекциялоого көп убакыт сарпталып жатыптыр. Азыр эми санитардык нормаларды сактап, жүк ташуучу унаалардын бат өтүүсү үчүн жаңы ыкма сунушталып жатат. Алар бизге атайын техниканын жардамында жүктү контейнери менен биздин унааларга жүктөп берүүнү сунушташты. Ал аркылуу убакыт да үнөмдөлөт, санитардык нормалар сакталат жана Кытайдан товарлардын өтүүсү көбөйөт деп ойлоп жатабыз”,- деди Жарасул Абдураимов

Облус башчысы Жарасул Абдураимов Кытайдын аймагында кыргыз ишкерлеринин Кытайда калып калган жүктөрү тууралуу айтып, алардын тизмесин кытайлык кесиптешине тапшырды. Ал эми Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун башчысынын орун басары Ван Синган бул маселе боюнча тезинен чара көрүп, жүктөрдү чек арадан өткөрүп берүүгө колдоо көрсөтөм деп убада берди.

Иш сапардын соңунда Жарасул Абдураимов “Эркештам” өткөрмө бекетинин абалы менен таанышып, ишкерлер, айдоочулар, чек ара жана Бажы кызматкерлери менен жолугушуп, маселени талкуулады.

Облус башчы Жарасул Абдураимов ишкерлерге натыйжалуу иш алып барууну жана Кытайдан жүк ташууну ирээтке келтирип, бирдиктүү иш алып барууну сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий