• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жаркынбек Касымбеков жасалма диплом менен иштеген дарыгерлер боюнча үн катты

Коом 0

Бишкек, 16.08.22. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте брифингдин жүрүшүндө саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков жасалма диплом менен иштеп жүргөн дарыгерлер боюнча үн катты.

Министрдин милдетин аткаруучу окубаган медицина кызматкерлердин ишмердүүлүгүн элестете албай турганын белгиледи.

"Башка тармак болсо бир жөн, бирок дарыгер медицинаны билиши жана түшүнүшү керек. Бекеринен бизде окуу 6 жылга созулуп, андан кийин аспирантура жана ординатура эмес да. Дарыгер окубаса, эч нерсе билбесе кантип иштейт", - деп ачууланды Касымбеков.

Пикир

Оставить комментарий