• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жашыл мурас. "Манас" аэропортунун аймагына 200 түп эмен жана терек көчөттөрү отургузулду

Коом 0

Бишкек, 01.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 1-апрелде «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын жетекчилиги жана кызматкерлери «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүнүн алкагында башкы аэропортунун аймагында ишембилик өткөрүп, 200 түп эмен жана терек көчөттөрүн отургузушту. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чаранын жүрүшүндө «МЭА» ААКнын кызматкерлери аэробекетке жакын аймактарда көрктөндүрүү жана тазалоо иштерин жүргүзүп, кампалардын, өндүрүш аянтчаларынын жана жайлардын аймактарын иретке келтиришти. Ошондой эле, аэробекетке жакын аймактарда таштандылардан жана куураган чөптөрдөн санитардык тазалоо иштери жүргүзүштү.

«МЭА» ААК башкармалыгынын төрагасы – башкы директору Бакыт Шаршеев «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, ал баарыбызды бириктирген, коомго пайдалуу ишке жеке катышууну сезүүгө мүмкүнчүлүк берген жана салтка айланган иш боло турганын айтты.

Эскерте кетсек, «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгү КР президенти Садыр Жапаров тарабынан Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылы жана тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында башталган.

Пикир

Оставить комментарий