• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Статком үч күндөн кийин эл каттоо аяктарын эскертет

Коом 0

Бишкек, 01.04.22. /Кабар/. Улуттук статистика комитети эл жана турак жай фондун каттоо аяктаганга чейин үч күн калганын эске салат.

Буга байланыштуу Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов кыргызстандыктарды мамлекеттик өнөктүккө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө жана каттоого активдүү катышууга чакырды.

«Ишке тартылган жана окутулган кызматкерлер эл каттоонун маанилүүлүгүн билиши жана түшүнүшү керек жана калган 3 күндүн ичинде кыргызстандыктардан сапаттуу маалыматтарды чогултууну аяктоо үчүн бардык күч-аракетти жумшоо керек. Бардык маалыматтар жалпыланган, жыйынтыкталган түрдө гана колдонулат», — деп айтылат Кудайбергенов билдирүүсүндө.

Эске салсак, 2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоо 4-апрелге чейин уланат.

1216 номери боюнча «ишеним телефону» ишин улантууда. Ар бир жаран ушул телефонго чалуу менен кайрылып, маалымат ала алат.

Бишкек шаары боюнча суроолор жаралса, сиз жашаган райондун эл каттоо бөлүмүнө кайрылсаңыз болот:

Ленин району - 0312 887366, (моб.) 0220019034;

Октябрь району - 0312 576438, (моб.) 0500735686;

Биринчи май району - 0312 300871, (моб.) 0552560707;

Свердлов району - 0312 382468, (моб.) 0700994892.

Пикир

Оставить комментарий