• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Агасы Тынар, Акжол Махмудов жана жеңиши тууралуу. Жоламан Шаршенбековдун эксклюзивдүү маеги

Спорт 0


Бишкек, 21.04.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Монголиядагы грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында алтын медаль утуп алды.

Шаршенбеков жеңишинен кийин Бириккен күрөш дүйнөсүнө (UWW) маек берди. Маегинде команда менен бирге Азия чемпионатына катуу даярданганын айтты.

“Финал биз үчүн ийгиликтүү болду. Грек-рим күрөшүнө өмүрүбүздү арнап келе жатабыз. Бул менен токтоп калбай, Олимпиаданын бир катар чемпиону болом деген үмүтүм бар”, - деди спортчу.

Шаршенбеков ошондой эле Азия чемпиону болгон Тынар Шаршенбеков анын агасы экенин жана грек-рим күрөшүнө дал ошол агасы алып келгенин белгиледи.

“Кичинекей кезибизден баштап чогуу машыгып өстүк. Учурдан пайдаланып, Тынар агама ыраазычылык билдиргим келет. Сиз экөөбүз буйруса, Олимпиаданы багындырабыз. Ал эми Акжол Махмудов менин эң жакын досум. Анын ар бир күрөшкөнүн көрүп шыктанам, үлгү алам”, - деп сөзүн жыйынтыктады балбан.

Эскерте кетсек, ушул тапта Монголиядагы күрөш боюнча Азия чемпионаты өтүүдө. Бирок грек-рим түрү боюнча мелдеш аяктады. Анын жыйынтыгында Кыргызстандын куржунуна алты медаль топтолду:

Алтын медаль:
Жоламан Шаршенбеков - 60 кг;
Тынар Шаршенбеков - 63 кг;
Акжол Махмудов - 77 кг.

Коло медаль:
Адилхан Нурланбеков - 72 кг;
Үзүр Жузупбеков - 97 кг;
Роман Ким - 130 кг.

Пикир

Оставить комментарий