• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жеңишке 75: Нарындагы согуштун ардагерлери КР жана РФнын мааракелик медалдары менен сыйланды

Жеңишке 75 0

Бишкек, 07.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 7-майда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов Нарын районунун Кеңеш айылынын тургуну Асек Усубалиевди жана Кайыңды айылынын тургуну Шажусуп Бугубаевди куттуктады. Бул тууралуу аталган өкүлчүлүктөн билдиришти.

Алымкулов ардагерлерге Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган мааракелик медалын тапшырып, президент Сооронбай Жээнбековдун куттуктоо катын окуп берди. Ошондой эле ардагерлер Жеңиштин 75 жылдыгына арналган Россия Федерациясынын мааракелик медалдары менен дагы сыйланышты.

Эки өлкөнүн башчыларынын аманаттарын жолдогондон кийин облус жетекчиси карыяларга өзүнүн майрамдык каалоо-тилегин айтып, 10 миң сомдон акчалай сыйлыгын тапшырды. Ал сөз сөзүндө биздин бүгүнкү бейпил жашообуз үчүн кан майданга катышып, Улуу Жеңишти алып келген ардагерлердин эрдигин жана бийик ролун баса белгилеп, аларга бекем ден-соолук, бакубат жашоо каалады.

Ардагерлер оор кырдаалга карабай көңүл бурган мамлекет башчыларына, эл-журтка ак батасын берип узатышты.

Пикир

Оставить комментарий