• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жеңишке 75. Челябинск облусунда эмгектик мобилизацияда болгон кыргызстандыктар жөнүндө архивдик материалдар алынды

Жеңишке 75 0

Бишкек, 18.03.20. /Кабар/. 16-март күнү Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы башкы консулу Руслан Бийбосунов Челябинск шаарында болуп, Челябинск облусунун губернаторунун орун басары Вадим Евдокимов жана Челябинск облусунун Архив иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Сергей Иванов менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушууда Евдокимов жана Иванов, Бийбосуновго 1942-1945-жылдары Челябинск облусунун ишканаларында эмгектик мобилизацияда болгон кыргызстандыктар жөнүндө архивдик материалдардын көчүрмөлөрүн беришкен. Бул материалдар Кыргызстандын Екатеринбургдагы башкы консулдугунун өтүнүчү боюнча топтолгон.

Челябинск облусунун Бириктирилген мамлекеттик архивиндеги маалыматтарда белгиленгендей, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында советтик өнөр жай жумушчулардын жетишсиздигине дуушар болгон. Буга байланыштуу өлкө жетекчилиги Орто-Азия аскер округундагы аскерге милдеттүүлөрдү мобилизациялап, алардын эмгегин курулушта жана өнөр жай ишканаларында пайдалануу жөнүндө чечим кабыл алган. Ал мезгилде Кыргыз ССРинин аймагы да аталган округдун курамына кирген. Аталган аймактан эмгекке мобилизациялангандардын жоон тобу Челябинск облусуна жөнөтүлгөн. Алардын алгачкы чакан топтору 1942-жылдын жаз-жай айларында ишканаларга келе баштаган, ал эми 1942-жылдын күзүндө жана 1943-жылдын жазында бул көрүнүш массалык мүнөзгө ээ болгон. 1943-жылдын сентябрында Челябинск облусунун 30га жакын ишканасында Орто Азиядан мобилизацияланган 20 миңге жакын адам иштеген. Алардын 5 миң 300дөн ашыгы документтерге ылайык кыргызстандыктар болгон.

"Колдо болгон архивдик документтерде мобилизацияланган адамдардын улуту же кайдан келгендиги сейрек учурларда гана көрсөтүлгөн. Архивдин кызматкерлери документтердин арасынан, аты тизмектелген адамдардын улутун тастыктоого мүмкүндүк берген документтерди гана тандап алышкан", - деп айтылат маалыматта.

Андан тышкары, архивдин кызматкерлери тарабынан мобилизациялоо учурунда Кыргыз ССРинин аймагында жашап турган немис улутундагы 70 эмгекчи жөнүндө маалымат аныкталган.

Архивчилер Челябинск облусуна жөнөтүлгөн Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын (большевиктер) эки өкүлүнүн жеке партиялык делосун таап чыгышкан. Алар - мекендештеринин эмгек ишмердигине жана жашоо шартына байланышкан маселелерди жөнгө салып турган Мамыт Усубалиев жана Бейшеналы Атаналиев болгон.

Табылган документтерде Челябинск облусунун ишканаларына мобилизацияланган адамдардын оор жумушу жана күнүмдүк тиричилиги жөнүндө айтылат. Алар согуш жылдарында фронтко ок-дарыларды, аскерий техникаларды жөнөтүп, зарыл болгон нерселер менен камсыздап турушкан.

Бийбосунов Архивдер иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Иванов менен бирге Челябинск облусунун Бириктирилген архивинде болуп, региондун архивдик ишмердиги менен таанышкан. Ал аталган мекеменин кызматкерлерине кыргызстандыктар жөнүндө материалдарды топтоп бергендиги үчүн ыраазычылык билдирип, региондун архивдик кызматынын жетекчилигине Башкы консулдуктун ыраазычылык каттары менен белектерин тапшырган.

"Бул иш-чара башкы консулдук тарабынан Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоонун алкагында, Улуу Жеңишти жакындатууга салым кошкондор жөнүндө тарыхый баракчаларды толуктоо жана эскерип жүрүү максатында аткарылды. Аталган материалдар Кыргызсатндын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетине жана Кыргызстандын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Архивдик агенттигине андан аркы изилдөө үчүн жөнөтүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий