• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ЖЕЭК жыйыны. Бишкекте коопсуздукту камсыздоого 4 миңден ашуун милиция тартылат

Коом 0

Бишкек, 06.12.22. /Кабар/. 8-декабрдан 10-декабрга чейин Бишкекте өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынтыктоочу кеңешмеси учурунда 4 миңге жакын милиция кызматкери коомдук коопсуздукту камсыздайт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов билдирди.

Анын айтымында, ЖЕЭК кеңешмесинен тышкары мамлекеттик иш сапары менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Бишкекке келет.

"Мындай ири иш-чаралар жана жолугушуулар өткөрүлө турган жерлер өзгөчө көзөмөлгө алынат. Буга байланыштуу Чүй облусунда жана Бишкек шаарынын аймагында коомдук коопсуздукту камсыздоого милиция жана Ички аскерлерден 4 миңден ашуун кызматкер тартылат”, - деди ал.

Ал белгилегендей, ИИМ жогоркудагы иш-чараны коопсуз өткөрүүгө бардык күч-аракетин жумшайт.

Пикир

Оставить комментарий