• 88.68
  • 95
  • 0.95

Коррупцияга жол бербөө — Кыргызстанда мамкызматка кадрларды тандоодо жаңы ыкчам киргизилет

Коом 0

Бишкек, 22.12.23. /Кабар/. Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кадрларды тандоодо полиграфта тестирлөө ыкмасы киргизилет. Учурда атайын адистер менен биргеликте бул маселе иштелип чыгууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев билдирди.

Мындай ыкманы киргизүүнү башкы максаты коррупциялык аракеттерди алдын алуу жана коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө болуп саналат.

"Полиграф – коррупцияга каршы инструмент катары мамлекеттик жана муниципалдык кызматка таза, мекенчил кадрларды тартууга жардам берет. Агенттик тарабынан полиграфта тестирлөөнү колдонуу жаатында тиешелүү укуктук ченемдик актынын долбоору даярдалууда", - деди Кудайберген Базарбаев.

Пикир

Оставить комментарий