• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков Ангела Меркелди кайрадан шайланышы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 15.03.18. /Кабар/.Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 14-мартта Ангела Меркелдин Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлеринин кызматына кайрадан шайланышына байланыштуу куттуктоо телеграмма жөнөттү,-деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

«Сиздин Германиянын Федералдык канцлеринин кызматына кайрадан шайланышыңыз менен чын ниеттен куттуктоолорумду кабыл алыңыз. Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы достуктун, өз ара түшүнүшүүнүн жана кызматташуунун салттуу мамилелери мындан ары да эки элдин кызыкчылыгында өнүгө берет деп ишенем. Учурдан пайдаланып, Сизге бекем ден-соолук жана мамлекеттик ишмердигиңизде мындан аркы ийгиликтерди, ал эми Германия Федеративдүү Республикасынын дос элине тынчтык жана бакубатчылык каалайм», - деп белгиленет Президент Сооронбай Жээнбековдун куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий