• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков: Банк сектору өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө зор салым кошуууда

Президент 0

Бишкек, 10.05.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-майда Кыргыз Республикасынын банк чөйрөсүнүн кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун текстин толугу менен келтиребиз:

«Урматтуу Кыргыз Республикасынын банк чөйрөсүнүн кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын банк кызматкеринин күнү менен куттуктайм!

Быйыл өлкөбүз улуттук валютанын – сомдун киргизилишинин 25 жылдыгын белгилейт. Өткөн чейрек кылым ичинде кыргыз сому өз алдынча акча-кредит саясатынын негизги каржаты гана болбостон, эгемендүү мамлекетибиздин көз карандысыздыгынын символу да болуп калды.

Бүгүн банк сектору калкка ар кандай кызмат көрсөтүп жана экономиканын артыкчылыктуу секторлорун каржылап, өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө зор салым кошуууда. Банк кызматкерлеринин эмгеги менен финансылык туруктуулукка, банк жана төлөө системасынын коопсуздугуна жетише алдык.

Сиздердин кесипкөйлүгүңүздөр, бай тажрыйбаңыздар жана билимиңиздер өлкөбүздүн банк системасынын мүмкүнчүлүктөрүнүн мындан ары карай өнүгүшүнө кызмат кылаарына ишенем.

Дагы бир жолу бардык банк кызматкерлерин кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм! Сиздерге бекем ден соолук, бакубатчылык жана Кыргызстандын өнүгүшү үчүн жемиштүү иштерди каалайм!»

Пикир

Оставить комментарий