• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын вице-президенти менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 13.07.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-июлда Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) вице-президенти Алан Пиллу менен жолугушту.

Мамлекет башчысы ЕРӨБдүн Кыргыз Республикасындагы активдүү ишмердиги үчүн ыраазычылык билдирип, алардын долбоорлору өлкөнүн социалдык-экономикалык деңгээлин жогорулатууда практикалык мааниге ээ экенин белгиледи.

"Кызматташуу жылдарында маанилүү долбоорлор ишке ашып, экономикабызга 700 миллион долларга жакын каражат инвестицияланган. ЕРӨБ өлкөбүздүн өнүгүүсүнө жардам берип келе жатат. Бардык долбоорлор ийгиликтүү болуп, бизге жардам болду жана биз мындан ары дагы сиздер менен ушул нукта кызматташабыз деген үмүттөбүз", - деп белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков.

Ал долбоорлорду ар тараптан колдоо боюнча макулдашууларга жетишилген өзүнүн Евросоюз институттарына болгон сапарын эске салды.

ЕРӨБ вице-президенти Алан Пиллу мамлекет башчысына банктын жетекчилигинин атынан Кыргызстандагы долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөткөнү үчүн мамлекет башчыга ыраазычылык билдирди.

"Биз Кыргыз Республикасында мындан да көп иштерди жасап, жаңы долбоорлорго керектүү ресурстарды бөлүп берүүгө даярбыз. Биздин банк айыл чарба, ирригация, энергетика тармактарында, суу менен камсыз кылуунун жана муниципалдык кызматтын сапатын жакшыртууга көбүрөөк көңүл бурат", - деп белгиледи Алан Пиллу.

Алан Пиллу ЕРӨБ энергетикалык тармакты өнүктүрүү боюнча башка өнөктөштөр менен аракеттерди бириктирүүгө кызыкдар экенин белгиледи. Ал ЕРӨБ жаңыланма энергия булактары тармагында долбоорлорду ишке ашырууда кыйла тажрыйбага ээ экенин жана Кыргыз Республикасына таза энергиянын экспортчусу болуусуна жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын айыл чарбасын кайра иштетүү, ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу, ирригацияны өнүктүрүү, ошондой эле өлкөнүн тигүү тармагын өнүктүрүүгө ЕРӨБдүн вице-президентинин көңүлүн бурду. Буга Аллан Пиллу ЕРӨБ ар кандай өлкөлөрдө текстиль жана тигүү технополистерин куруу тажрыйбасына ээ экенин белгилеп, бул сыяктуу долбоорду Кыргызстанда ишке ашыруу боюнча жардам берүүгө даяр экенин айтты.

Тараптар ошондой эле инвестициялык климатты жакшыртуу, финансы секторун бекемдөө үчүн консультацияларды берүү жана каржылоого жетүүнү камсыз кылуу жолу менен жеке ишканаларга жана жергиликтүү финансы мекемелерине колдоо көрсөтүү боюнча долбоорлорду да талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий