• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге куттуктоо жолдоду

Президент 0

Бишкек, 25.01.20. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинди ай календары боюнча Жаңы жыл — Жаз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Кытайдын кадыр-баркы эл аралык аренада жыл сайын бекемделүүдө. Сиздин жетекчилигиңиз алдында Кытай таасирдүү ийгиликтерге жетишти: жогору ылдамдык менен Кытайдын экономикасы өсүп, жарандардын бакубатчылыгы өсүүдө. Сиздин жеке көзөмөлүңүздө ишке ашырылып жаткан реформалар кытай улутунун кайра жаралуу кыялын ишке ашырып, ал эми Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы мамилелердин өнүгүүсүндө жаңы ири жетишкендиктер болот деп ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Кыргыз-кытай мамилелери салттуу жакшы коңшулугу, достугу, кызматташуусу жана эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда маанилүү маселелерде өз ара колдоосу менен мүнөздөлөрү белгиленди.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2020-жыл дагы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы саясий диалогдун жогорку деңгээли, эки өлкө элинин бакубатчылыгы үчүн бардык багыттар боюнча активдүү кызматташуунун алкагында болооруна ишеним билдирди.

Сооронбай Жээнбеков Си Цзиньпинге бекем ден соолук, бакубатчылык, мамлекеттик ишинде ийгиликтерди, ал эми Кытай элине — тынчтык, өнүгүп-өсүү жана жакшылыктарды каалады.

Пикир

Оставить комментарий