• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков: Менин башкы максатым - парламенттик шайлоону жогорку деңгээлде өткөрүү

Президент 0

Бишкек, 19.12.18. /Кабар/. “Менин башкы максатым парламенттик шайлоону жогорку деңгээлде өткөрүү”, - деди президент Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйыны учурунда.

Мамлекет башчысы шайлоого катыша турган баардык партияларга бирдей шарттар түзүлөрүн белгиледи.

“Мыктылар гана депутат болушу зарыл. Учурда биз шайлоо кодекси боюнча иштеп жатабыз. Биз ага өзгөртүүлөрдү киргизүүдөбүз. Ал өзгөртүүлөр шайлоону таза өткөрүүгө жардам берет”, - деди ал.

Ошондой эле президент партиялар өздөрү да тазаланышы керектигин кошумчалады.

“Алар партиясына демократия принциптерин киргизиши кажет”, - деди ал.

Белгилей кетсек, парламенттик шайлоо 2020-жылы өтөт.

Пикир

Оставить комментарий