• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков Нурсултан Назарбаевди туулган күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 06.07.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевди туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

"Үзүрлүү эмгегиңиз жана өрнөктүү өмүр жолуңуз боордош эки элдин урматына жана колдоосуна ээ болуп келет. Сиздин жетекчилигиңиз менен Казакстан Республикасы эл аралык аренада өзүнүн татыктуу позициясы бар, эл аралык коомчулуктун таасирдүү мүчөсү болуп калды. Тарыхый салттарга жана өз ара сый-урматка негизделген кыргыз-казак бир туугандык мамилелер эки өлкөнүн ортосундагы тыгыз кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө өбөлгө болот деп терең ишенем", - деп белгиленет мамлекет башчысынын куттуктоосунда.

Президент Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевге чын ден соолук, бакыт-таалай, бакубатчылык жана алдыга койгон пландарын ишке ашырууда ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий