• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков православ христиандарын Пасха майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 08.04.18 /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков кыргызстандык праваслав христиандарын Пасха майрамы менен куттуктады.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, мамлекет башчынын куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат:

"Кымбаттуу мекендештер!

Урматтуу Кыргызстандын праваслав жарандары!

Сиздерди чын жүрөктөн Христостун кайра жаралуу күнү менен куттуктайм!

Пасха бул православ христиандары менен жалпы биздин элди руханий жактан бириктирген кубанычтуу окуя.

Пасха жөрөлгөлөрүн өткөрүү конфенсия аралык, этнос аралык ынтымактын белгиси.

Биз уникалдуу тарыхый жана маданий байлыгыбызга таянып, Кыргызстанды биргеликте гүлдөп өнүккөн өлкөгө айланта алабыз. Бул майрам күнү ар бириңерге ден-соолук, үй-бүлөңөргө ынтымак, тынчтык, ийгилик жана бакубатчылык каалайм"..

Пикир

Оставить комментарий