• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Жээнбеков Сафед-Булан тарыхый-археологиялык коругуна барды

Өкмөт 0

Бишкек, 26-июль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-июлда, жумуш сапарынын алкагында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Падек айылында жайгашкан Сафед-Булан тарыхый-археологиялык коругуна барды. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы Шах-Фазил мавзолейиндеги оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты. Сооронбай Жээнбеков аталган маданий объекттин өзгөчө маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Сафед-Булан тарыхый-мемориалдык комплекси Борбор Азиядагы уникалдуу архитектуралык эстелик болуп саналат. Тарыхый комплекстерди сактоо жана калыбына келтирүү жана өлкөнүн маданий мурастарынын айланасында керектүү кооз инфраструктураларды түзүү – бул ата мекендик жана эл аралык туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө болуп саналат»,- деди Премьер-министр.

Буга чейин Өкмөт башчы туристтик тармакты өнүктүрүү маселелерин талкуулаган жыйында Маданият маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментине тарыхый туристтик жайлардын курулушун жакшыртууда жергиликтүү бийлик менен тыгыз иш алып барууну тапшырган.

Сафед-Булан тарыхый-археологиялык комплексинин директору Эркин Бегимкулов маалымдагандай, аталган объектте жалпы суммасы 1 млн. сомдук оңдоо иштери калды. Ал уникалдуу табылгаларды ачык асман алдына коюп, музей уюштурууга мүмкүнчүлүктөр бар экенин кошумчалады.

Өкмөт башчы ошондой эле жергиликтүү тургундар менен, социалдык мүнөздөгү маселелерди, аймактардагы тарыхый-маданий баалулуктардын келечеги жана туризмди өнүктүрүү пландары тууралуу талкуулады. Премьер-министр жолугушууда көтөрүлгөн маселелердин маанилүүлүгүн баса белгилеп, бул багытта тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырмаларды берди. Маданият маалымат жана туризм министрлигине Жалал-Абад облусундагы тарыхый жайларга археологиялык жана илимий-иликтөө иштерин жүргүзүүнү улантууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий