• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков: Санариптештирүү — коррупцияны кыскартат

Президент 0

Бишкек, 04.10.19. /Кабар/. Санариптештирүү — мамлекеттик органдардын эффективдүүлүгүн жогорулатат, адам факторун азайтат, коррупцияны кыскартат. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-октябрда, Бишкек шаарында өтүп жаткан «Борбордук Азиядагы санарип трансформациясы» конференциясында билдирди.

Президенттин айтуусунда, ар кайсы кырдаалга ыкчам жооп берген, мобилдүү жана ийкем мамлекеттик башкаруу — мамлекеттик кызматкерлердин мобилдүү болушун шарттайт.

"Өкмөт — санариптик платформа болот, бизнестин катышуусу менен, мобилдик түзүлүштөр аркылуу кызмат көрсөтүүлөрдүн саны көбөйөт. Аны менен катар „Санарип аймак“ плафтормасы ишке киргизилет. Жергиликтүү жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр электрондук форматка которулуп, стационардык жана мобилдик түзүлүштөр аркылуу көрсөтүлө баштайт. Санариптештирүү жараткан жаӊы шарттарга ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер өзүнүн ой-жүгүртүүсүн өзгөртүп, реформанын алдыңкы сабында болууга милдеттүү", - деп билдирди президент.

Экинчи, жарандарыбыздын санариптик билимин, жөндөмүн жогорулатып, санариптик коомду калыптандырууга барабыз, - деп баса белгиледи мамлекет башчысы.

"Санариптештирүү — жашоонун баардык чөйрөлөрүн, адамдардын жашоо образын өзгөртөт. Коомдун менталитети өзгөрөт, санарип технологиялары ар бир жарандын турмушуна кирет. Жаӊы билимдерди алып, жаӊы ыкмаларды такай өздөштүрүп туруу керек. Бул — адамдын атаандыштыкка жөндөмүн арттырат, заман талабына ылайык эмгек рыногунда керектигин жогорулатат", - деп кошумчалады Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий