• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жээнбеков Саркисянды жана армян элин Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 21.09.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Армения Республикасынын Президенти Армен Саркисянды жана армян элин Армениянын Көз карандысыздык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Кыргызстан менен Армениянын ар кыл чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташуусунун оң динамикасын, ЕАЭБдин жана башка көп тараптуу түзүмдөрдүн алкагындагы өнөктөштүктүн өз ара аркеттенүүсүнүн жогорку натыйжалуулугун канааттануу менен белгилейм.

Биргелешкен күч-аракеттер менен биз эки өлкөнүн элдери үчүн кыргыз-армян өз ара пайдалуу комплекстердин баарын мындан ары да өнүктүрө аларыбызга бекем ишенем», — деп айтылат Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.

Сооронбай Жээнбеков Армен Саркисянга бекем ден соолук, түгөнгүс күч-кубат, ал эми достук мамиледеги Армения элине бакубатчылык жана өсүп-өнүгүү каалады.

Пикир

Оставить комментарий