• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков ШКУнун алкагында каралчу маселелерди жогорку деңгээлде даярдоону тапшырды

Президент 0

Бишкек, 11.01.19. /Кабар/. Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешин 2019-жылдын 14-15-июнь күндөрү Бишкекте өткөрүү пландалып жатат. Ага байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков ШКУнун алкагында каралчу маселелерди мазмундуу, жогорку деңгээлде даярдоону тапшырды.

Мамлекет башчысы 2019-жыл ШКУнун эгидасы алдында өтөөрүн жана ШКУ Саммитинин алкагында пландалып жаткан иш-чаралардын бардыгы Кыргызстан үчүн маанилүү окуя экенин билдирди.

Ал ШКУнун мындан аркы беделинин бекемделишине жана эл аралык аренада кадыр-баркынын өсүшүнө салым кошуу, терроризм, экстремизм, баңги заттарды мыйзамсыз айландырууга каршы күрөшүү боюнча кызматташтыкты күчөтүү, саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, инвестициялык кызматташууну андан ары тереңдетүүгө өзгөчө көңүл бурулушу керектигин белгиледи.

Белгилей кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Кыргызстанда 2019-жылдын июнь айында өтө турган ШКУга мүчө мамлекеттердин Кеңешин уюштуруу маселеси боюнча жыйын өткөрдү.

Саммитти өткөрүү максатында жасалган иштер, пландалып жаткан чаралар боюнча Уюштуруу комитетинин төрагасы, КР Президентинин Аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев, тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев маалымат беришти.

2018-жылдын июнь айында Кытай Эл Республикасынын Циндао шаарында ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын кезектеги саммитинде Уюмга төрагалык кылуу Кыргызстанга өткөн.

Пикир

Оставить комментарий