• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков Токаевге Арыс шаарындагы абалга байланыштуу колдоо сөздөрүн билдирди

Президент 0

Бишкек, 25.06.19. /Кабар/. Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков телефон аркылуу Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Сооронбай Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевге Казакстандын Туркестан облусунун Арыс шаарындагы абалга байланыштуу колдоо сөздөрүн билдирди.

Ал Кыргызстан өзгөчө кырдаалды жоюуда жардам берүүгө даяр экенин белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, жабыркагандарга тез сакайып кетүүсүн каалады.

Пикир

Оставить комментарий