• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков сотторго: Заман, мезгил өзгөргөндүгүн түшүнгүлө

Президент 0

Бишкек, 11.03.19. /Кабар/. Соттун мыйзамсыз чечимдери элдин тагдырына, жалпы өлкөбүздүн өнүгүүсүнө, келечек муундун коопсуздугуна терс таасирин тийгизет. Биз мындай көрүнүштөргө чекит коюшубуз керек. Заман, мезгил өзгөргөн. Муну, урматтуу сот бийлигинин өкүлдөрү, терең түшүнүшүңөр керек. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын судьяларынын XI курултайында сөз сүйлөп жатып билдирди.

"Бизде коом ачык. «Кыңыр иш кырк жылда билинет» десек, азыр кыңыр иш бир заматта билинет. Экинчи, сот системасында кадр саясаты азырынча жакшы жолго коюла элек. Кадрдык потенциал жогорку деңгээлде болууга тийиш", - деп билдирди президент.

Ал кошумчалагандай, мындан ары судьялык кызмат орундарга талапкерлерди тандоонун сапаты жогорулатууга жатат.

Жээнбеков сот системасына сабатсыз жана таза эмес адамдардын дайындалышына бөгөт коюу максатында тандап алуу тартибин катаалдаштыруу керек деп эсептейт.

"2018-жылы Судьяларды тандоо кеңеши менин атыма Жогорку соттун, анын Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттордун судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн 88 талапкер боюнча сунуштарын жиберген. Алардын ичинен 32 талапкерди кайра кайтардым. Демек, талапкерлерди тандоодо Судьяларды тандоо кеңеши коюлган талаптарды сактабай, соттордун кесипкөйлүгүнө эмес, башка критерийлерге басым жасаган десек болот", - деди президент.

Пикир

Оставить комментарий