• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жер казынасын пайдалануу чөйрөсү мамлекеттик көзөмөлдөн чыгып калган – Жээнбеков

Президент 0

Бишкек, 30.01.19. /Кабар/. Тилекке каршы, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу маселелерине тийиштүү көңүл бурулган эмес. Тескерисинче, жер казынасын пайдалануу чөйрөсү акырындап мамлекеттик көзөмөлдөн чыгарыла баштаган. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңишинин кезектеги жыйынында билдирди.

Мамлекет башчысы билдиргендей, натыйжада азыркы учурда тоо-кен өнөр жай жана жер казынасын пайдалануу боюнча тармактарда курч маселелер жаралды.

Бул — айрым мамлекеттик органдарга, айрыкча лицензия-уруксаат берүү системасына терең кирип, тамырлашып кеткен коррупция, тиешелүү иштерди жүргүзбөй, кайра сатуу максатында лицензияларды кармап туруу, экологияны коргоону көӊүл сыртында калтыруу, баалуу дарактардын түрлөрүн кыюу жана кыйылган дарактардын ордун жаңы көчөттөрдү отургузуу жолу менен калыбына келтирүү, өлкөнүн өнөр жай секторунун бир компаниядан — «Кумтөр Голд Компаниясынан» өтө көз каранды болушу, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жергиликтүү бийлик менен кызматташуусу солгун болгондуктан жергиликтүү калктын тоо кен казуу өндүрүшүнө карата пайда болуп жаткан каршылык маанайлары.

«Жергиликтүү бийлик көп учурда кайсы инвесторго кен иштетүүгө лицензия берилип жатканын билбей калат. Натыйжада, калкка түшүндүрүү иштери жүрмөк тургай, жергиликтүү бийлик ошол аймакка инвестиция салууга келген инвестор менен да иштиктүү мамиле түзө албай калган учурлар көп. Мындай өз ара кызматташуунун жоктугу инвестициялык климатка да, жергиликтүү калктын маанайына да терс таасирин тийгизүүдө», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Белгилей кетсек, учурда Коопсуздук кеңешинин отуруму «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында өтүүдө.

Күн тартибинде «Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» маселе.

Пикир

Оставить комментарий