• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жерде жаткан баланы тепкен эркек. Окуя Бишкекте болгону болжонууда (видео)

Коом 0


Бишкек, 02.12.17 /Кабар/. Социалдык тармактардын кыргыз сегментинде эркек адам жерде жаткан баланы тепкен видео жайылган. Видео Instagram тармагында omsk_video баракчасында жарыяланган.

Анда окуя бүгүн Бишкектин "Улан-2" кичи районунда болгону, "күбө белгисиз адам өз (көрүнүп тургандай) баласын ичке тээп тургузууну каалаганы" айтылат.

Видеодо бала көмкөрөсүнөн жерде жатканын эркек адам карап турганын көрүүгө болот. Бала турууга аракет кылып, кайра жыгылып калат. Бир аздан соң тиги адам басып келип, баланы ичке бир тебет. Анан баланы жулкуп тургузуп, алып жөнөйт.
Бул адамдын аракеттерин соцтармак колдонуучулары кескин сынга алып, видеону тиешелүү мамлекеттик органдарга чара көрүү үчүн жөнөтүүнү талап кылышууда.

Пикир

Оставить комментарий