• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жети адам жабыркады. Киргшелк айылында маршрутка менен оор жүк ташуучу унаа кагышты

Кырсык 0

Бишкек, 14.04.21. /Кабар/. Бишкек-Токмок-Торугарт унаа жолунун 18-чакырымында (Киргшелк айылы) Mercedes-Benz Sprinter унаасы менен ЗИЛ-130 үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа кагышкан.

ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, кырсык бүгүн, 14-апрелде болжол менен саат 14:00дөр чамасында катталган.

Кырсыктын кесепетинен жети адам жабыркаган. Жерине 4 куткаруучу тартылып, кыпчылып калган 1952-жылы туулган К.Т. аттуу аялды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Ал эми жабыркаган жарандар Кант шаардык ооруканасына жеткирилген. Учурда абалдары орто экендиги кабарланды.

Пикир

Оставить комментарий