• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Бишкек шаарынын ардактуу атуулу” наамы жети жаранга ыйгарылды

Коом 0

Бишкек, 12.11.22. /Кабар/. Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров менен Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев “Бишкек шаарынын ардактуу атуулу” наамын жети жаранга ыйгарды.

Муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, «Бишкек шаарынын ардактуу атуулу» наамы төмөнкү жарандарга ыйгарылды:

- Аматов Рысбай Аматович - Бишкек шаардык кеңешинин 3 чакырылышынын депутаты, Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;

- Жумабаев Буркан - КР байланыш тармагына эмгек сиңирген ишмер, «Кыргыз Республикасынын байланыш ардагерлери» коомдук бирикмесинин төрагасы;

- Исмаилов Сайдахмат Аблезович - Бишкек шаардык кеңешинин 3 чакырылышынын депутаты, Бишкек шаардык кеңешинин «Ишеним» фракциясынын лидери;

- Малаев Нимат Саидович - КР Эмгек сиңирген дарыгери, Мамлекеттик тез жардам клиникалык ооруканасынын шаардык ЛОР - бөлүмүнүн башчысы, Бишкек шаарынын башкы отоларингологу;

- Мусаев Абдулда Инаятович – КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, билим берүүнүн отличниги, филология илимдеринин доктору, профессор, К. Карасаев атындагы БМУнун ректору;

- Сариев Таалайбек Жолдошбаевич - Бишкек шаардык кеңешинин 3 чакырылышынын депутаты, Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;

- Эргешов Казыбек Кочкорович – Бишкек шаардык кеңешинин 3 чакырылышынын депутаты, Бишкек шаардык кеңешинин “Ынтымак” фракциясынын лидери.

Пикир

Оставить комментарий