• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖК депутаттары Азербайжандын Улуттук лидери Гейдар Алиевдин мүрзөсүнө гүлчамбар коюшту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18.12.19./Кабар/. Бүгүн, 18-декабрда Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Баку шаарындагы иш-сапарынын алкагында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик делегациялары менен бирге Азербайжандын Улуттук лидери ГейдарАлиевдин мүрзөсүнө гүлчамбар коюшту.

Ошондой эле аталган калаада жайгашкан Шейиттераллеясына барып, Азербайжан мамлекетинин жаркын келечеги үчүн курман болгондорду эскеришти.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация Баку шаарында өтүп жаткан ТүркПАнын кезектеги жыйындарына катышууда. Ал эми делегация курамында Жогорку Кеңештин депутаттары С.Айдаров, Т.Тиллаев, Р.Чойбеков, И.Маннанов, Э.Тагаев, Т.Шайназаров жана С.Шер-Нияз бар.

Пикир

Оставить комментарий