• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ЖК депутаттары КМШ ПАсынын туруктуу комиссиясынын жыйынына катышууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.10.18. /Кабар/. Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын Санкт-Петербург шаарында (Россия Федерациясы) жайгашкан штаб квартирасында КМШ ПАсынын туруктуу комиссиясынын жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, жыйынга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан депутаттар Мирлан Сабиров жана Кубанычбек Жумалиевдер катышууда.

Эске сала кетсек, КМШга мүчө өлкөлөрдүн ПАсы 1992-жылы Алмата шаарында КМШ мамлекеттеринин жетекчилери кол койгон документтин натыйжасында түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий