• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖК депутаттары Санк-Петербургда өткөн КМШ ПАА менен ЖККУ ПА жыйындарына катышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 09.03.20. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттар тобу 2020-жылдын 4-5-мартында Санкт-Петербург шаарында (Россия) өткөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясы (КМШ ПАА) менен Жамааттык коопсуздук боюнча келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) туруктуу комиссияларынын кезектеги жыйындарына катышты. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, ЖККУ ПАнын Социалдык-экономикалык жана укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү депутат Искандер Гайпкулов кесиптештери менен 2021-2025-жылдарга ЖККУга мүчө-мамлекеттердин улуттук мыйзамдарын жакындаштыруу жана өз ара шайкеш келтирүү боюнча ишмердүүлүк программасы жаатында пикир алышып, ал Кыргызстандын аймагында моделдик мыйзамдардын колдонулушу тууралуу баяндама жасады. Комиссиянын жыйынына Жогорку Кеңештин КМШ ПААдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатвалдиев да катышты.

КМШ ПААнын Саясий маселелер жана эл аралык кызматташтык боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү Руслан Казакбаев ЕКПА, ЕККУ ПА, ЭПБ сындуу эл аралык парламенттик уюмдардын кезектеги сессияларынын жыйынтыктары жана КМШга мүчө-мамлекеттердин ишиндеги парламенттик делегациялардын аракетин координациялоо маселесин талкуулоо жүрүмүнө катышты. Жыйын жүрүшүндө 2021-жылы эл аралык терроризмге каршы күрөшүү, КМШ өлкөлөрүнүн ортосунда коррупцияга жана товарлардын контрабанда маселелери боюнча аракеттерди координациялоо жөнүндө маселе көтөрүлдү.

КМШ ПААнын Бюджеттик көзөмөл боюнча комиссиясында КМШ ПААнын 2019-жылдагы бюджетинин аткарылышы, 2020-жылга карата каржылык пландар талкууга алынды. Ошондой эле жыйындын күн тартибине комиссиянын жаңы төрагасын шайлоо маселеси киргизилип, Бюджеттик көзөмөл боюнча комиссиясынын иштеп жаткан төрагасы Максат Сабиров кайрадан мурдагы ордуна шайланды.

Депутат Искендер Матраимов КМШ ПААнын алдындагы Коопсуздук чөйрөсүндөгү жана жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы аракеттенүү боюнча комиссиянын, ошондой эле Коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча комиссиянын жыйындарына катышты. Жыйын жүрүшүндө комиссия мүчөлөрү «Улуттук коопсуздук жөнүндө» моделдик мыйзамдын долбоорун талкуулашып, Маалыматтык технологияларды колдонуу менен жасалган жаңы кылмыштардын сунушталган типологияларынын жолдору дагы каралды.

Пикир

Оставить комментарий