• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖКККББ: Төө-Ашуудагы туннелдин жолун оңдоо иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 10.06.23. /Кабар/. Төө-Ашуудагы туннелдин жолун оңдоо иштери уланууда. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн туннелдин 129+500-чакырымынан тартып, 129+750-чакырымына чейинки аралыктагы жолдун бир бөлүгүндө оңдоо иштери башталды жана иштер 30-июнга чейин уланат.

Ошондой эле буга чейинки маал-маалы менен киргизилген чектөөлөр дагы күчүндө. Алар:

- 05:00дөн 08:00гө чейин;
- 10:00дөн 12:00гө чейин;
- 14:00дөн 16:00гө чейин.

ЖКККББ туннелдин ичиндеги ыңгайсыздыктарды эске алып, ылдамдыкты азайтуу менен коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий