• 88.68
  • 95
  • 0.95

ЖККУнун башкы катчысынын милдетин аткаруучу: Бул жылы алгач ирет "Жалданма аскер" операциясы өттү

Коом 0

Бишкек, 27.06.19. /Кабар/. Бул жылы алгач ирет "Жалданма аскер" операциясы өттү. Бул тууралуу Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков билдирди.

"Бул операциянын максаты террористтик активдүүлүк болгон аймактардан ар кыл согушкерлердин биздин мамлекеттерге кирип-чыгышына бөгөт коюу болгон. Аны менен бирге ал, биздин жарандарды ар түрдүү террористтик уюмдардын катарына тартуу иштерине бөгөт болуу, согушкерлердин ресурстук базасын жок кылууну көздөгөн", - деди ал.

Ал белгилегендей, операциянын жыйынтыгы чоң натыйжа көрсөтүп жатат. Операция ийгиликтүү өтүп, ал улантылат.

Белгилей кетсек, аталган отурумдун жыйынтыгы менен 6 документке кол коюлган.

Пикир

Оставить комментарий