• 88.68
  • 95
  • 0.95

Министр Бообек Ажикеев Түркиянын ИИМ башчысы менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 08.11.22. /Кабар/. Бүгүн, 8-ноябрда КР өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуу Сулейман Сойлунун Кыргызстанга жумушчу сапарынын алкагында өттү.

Эки тараптуу жолугушууда Бообек Ажикеев эл аралык кызматташууга өзгөчө маани берерин баса белгиледи. Ал биргелешкен кызматташууда ӨКМдин адистерин тоодо куткарууга, издөө иштерине окутуу жана түрк куткаруучулары менен тажрыйба алмашууга жол ачууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу кызматташтыктын, биргелешип иш алпаруунун өзгөчөлүктөрүнө токтолду.

Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу ӨК министри Бообек Ажикеевге жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Түркиянын Ички иштер министрлигине караштуу Табигый кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдар департаментинин (AFAD) ортосундагы тажрыйба алмашуу жана кызматташтыкты өнүктүрүүнүн, чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий