• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жогорку Кеңеш чет өлкөлүк мигранттар үчүн талаптарды катаалдата турган мыйзам долбоорун карап жатат

Коом 0

Бишкек, 17.01.19 /Кабар/. Жогорку Кеңеш чет өлкөлүк мигранттар үчүн талаптарды катаалдата турган мыйзам долбоорун карап жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрага орун басары Самат Токтоболотов билдирди.

Анын айтымында, учурда чет өлкөлүк жарандар үчүн иштөөгө уруксат берүүнүн баасы 2 миң сомду түзсө, жаңы мыйзам долбоорунда ал 30 миң сомго чейин көбөйтүлгөн.

Мындан тышкары Токтоболотов документте ишканалардагы чет өлкөлүк жумушчулардын саны жалпы кызматкерлердин 20 пайызынан ашпашы керек деген норма бар экенин белгиледи.

Декабрда активисттер Кытайдан келген мигранттарга каршы бир нече акция өткөрүп, аларды депортация кылууну талап кылышкан, деп жазат ca-irnews.com. «Кырк чоро» кыймылынын мүчөлөрү бийлик тараптан эч кандай реакция болбосо, бул иш менен алар өзүлөрү алектенүүгө даяр экендиктерин билдиришкен.

Пикир

Оставить комментарий