• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте мыйзамсыз орнотулган соода түйүндөрү жана көрнөк-жарнактар алынды

Коом 0

Бишкек, 09.03.23. /Кабар/. Бишкекте мыйзамсыз орнотулган соода түйүндөрү жана көрнөк-жарнактар алынды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, салык кызматынын өкүлдөрү, милиция кызматкерлери МАБдар менен биргеликте Свердлов районундагы ири базарларда жана борбордук көчөлөрдө башаламан сооданы жоюу боюнча рейд жүргүзүүдө.

Тактап айтканда, Ак-Эмир (Москва, Шопоков, Бөкөнбаев, Үсөнбаев көчөлөрү), Аламүдүн (Курманжан Датка көчөсү Жибек Жолу проспектиси), Чынар (Салиева, Ауэзов көчөлөрү, Аламүдүн-1 кичирайону), Улар базарлары (Чүй проспектиси, Чыгыш-5 кичирайону), "Айчүрөк" соода борбору (Чүй проспектиси Абдрахманов, Шопоков көчөлөрү) текшерилди.

Жыйынтыгында 2 сатуратор (суу газдоочу аппарат), 27 башаламан соода түйүнү жана мыйзамсыз орнотулган 89 көрнөк-жарнак алынды. Ошондой эле 150 миң сомго 50 протокол түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий