• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жогорку Кеңеште мамлекеттик тил жөнүндө токтомдун аткарылышы тууралуу маалымат угулду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.02.24. /Кабар/. Бүгүн парламенттин жыйынында 2023-жылдын 18-январындагы Жогорку Кеңештин «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик тил жана тил саясатынын маселелери жөнүндө» токтомунун аткарылышы жөнүндө маселе каралды.

Жыйында баяндама жасаган президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев мамлекеттик тил саясатын ишке ашыруудагы маселелерге токтолду.

Анын айтымында, комиссиянын алдында депутаттар тарабынан төмөнкү милдеттер коюлган: терминологиялык комиссиянын ишин жандандыруу, терминдерди расмий түрдө бекитүү; тармактык терминологиялык сөздүктөрдү кайрадан карап, тактоо; ЖМКда, маалыматтык жана жарнамалык материалдарда адабий тилдин ченемдерин сакталышын камсыз кылуу; мамлекеттик тилде иш кагаздарын жүргүзүүнү активдештирүү; мамлекеттик жана муниципалдык органдар менен тил мыйзамы боюнча иш чараларды уюштуруу.

Муну менен катар, комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев 2023-жылы 2022-жылга салыштырмалуу ал жетектеген мекеменин материалдык-техникалык базасы чыңдалганын кошумчалады. Ошондой эле өткөн жылы комиссия тарабынан мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган 40ка жакын иш-чара өткөрүлгөнү айтылды.

Депутаттардын суроолоруна «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Cтавинская да жооп берди.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев окуу китептерин кайра карап чыгып, аларды жөнөкөйлөтүп, окуучуларга түшүнүктүү кылууну сунуштады.

Ал эми эл өкүлү Кундузбек Сулайманов кесиптештерин мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган бардык демилгелерди колдоого чакырып, эне тилин өздөштүрүүдө адам баласы жаш кезинен тартып үйрөнүүнүн маанилүүлүгүнө басым жасады.

Депутат Мирлан Самыйкожо комиссиядан конституциялык макамга ээ «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамдын аткарылышын көзөмөлгө алууну талап кылып, мамлекеттик органдарда, мекемелерде, уюмдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мамлекеттик тилде иш кагаздарын жүргүзүүнү активдештирүү маселелерине көңүл бурду.

Депутат Русланбек Жакышов Бишкек шаарындагы бала бакчаларда жана мектептерде кыргыз тилин үйрөнүүгө тиешелүү шарттарды түзүп, кыргыз тилинин окуу сааттарын көбөйтүү зарылдыгын белгиледи.

Жыйынтыгында президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын маалыматы эске алынып, тиешелүү токтом долбоору кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий