• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Кыргызжылуулукэнерго" келерки кышка чейин 30 отказанды жаңылоону пландап жатат

Коом 0

Бишкек, 28.02.24. /Кабар/. "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынынын филиалдарында 2024-2025-жылдын күз-кыш мезгилине карата 30 отказанды жаңылоо планадалууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ишкананын "Чүй адистештирилген көчмө механикалык колоннасы" филиалы тарабынан Беловодск, Нарын, Каракол, Жалал-Абад, Таш-Кɵмүр, Кара-Кɵл филиалдарына ар кандай кубаттулуктагы 24 даана "ВОССТ-М" маркасындагы отказандарды жасап, филиалдарга жеткирип, орнотуп берүү пландалууда.

Ал эми калган 6 даана отказанды Россиядан Кара-Балта филиалына 3, Токмок филиалына 1, Талас филиалына 1 жана Майлуу-Суу филиалына 1 даана сатып алуу пландалууда.

Белгилей кетсек, "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин "Чүй адистештирилген көчмө механикалык колоннасы" филиалы структуралык бɵлүмдɵрүнүн бири болуп саналат. Бул ишкана акыркы бир нече жылдан бери "Кыргызжылуулукэнерго" бирикмесинин филиалдарына отказандарды жасап, жерине жеткирип орнотуп келе жатат. Андан сырткары, Россиядан сатып алынган отказандарды дагы аталган филиал жеткирип, орнотуп берүү кызматын аткарып келет. Ушул эле ишкана сырттан келген отказандарды дагы орнотуу жана оңдоп-түзөө иштерин өз мойнуна алган.

Эске салсак, былтыр Кыргызстан боюнча "Чүй адистештирилген көчмө механикалык колоннасы" филиалы тарабынан 33 даана отказан жаңыланып, 7 даана отказан Россиядан алып келинип, орнотулуп берилген. Бүгүнкү күндɵ иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий