• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ЖК депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйыны өттү

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 03.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 3-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марата Иманкуловдун төрагалыгында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларына уюштуруучулук-техникалык маселелерди чечүүдө көмөктөшүү боюнча республикалык штабдын кезектеги отуруму өттү.

Жыйынга республикалык штабдын курамына кирген министрлик, ведомство жана Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссия жетекчилери, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери катышты.

Коопсуздук кеңешинин катчысы республикалык штабдын башкы тапшырмасы – парламенттик шайлоолорду таза жана ачык-айкын жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн шайлоо комиссияларын уюштуруучулук-техникалык жактан камсыздоо экенин эске салды. Ал комиссиялардын ишине эч бир шылтоо менен кийлигишүүгө болбой турганын баса белгиледи.

Марат Иманкулов Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссия жетекчилиги менен биргеликте мамлекеттик орган жана өз алдынча башкаруу орган жетекчилери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, таза жана ачык-айкын шайлоолорду өткөрүү тапшырмасы коюлганын белгиледи.

Ал Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону жогорку деңгээлде өткөрүүнү жана административдик ресурсту колдонууга жол бербөө тапшырмасын койгонун эске салды.

Коопсуздук кеңешинин катчысы кошумчалагандай, айрым кызматтык адамдар тарабынан мыйзам бузуу фактылары жана алардын үгүт иштерине аралашкан учурлары бар. Ал бардык мамлекеттик органдар адилеттүү жана таза шайлоолорду өткөрүүгө болгон күч аракетин жумшап, шайлоо процессинин мыйзам бузууларына өз убагында жана ыкчам реакция кылып, мыйзам бузугандарга мыйзамдардын чегинде тийиштүү чараларды көрүшү керектигин белгиледи.

Марат Иманкулов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун «2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурду.

Ал шайлоо мыйзамдарынын талаптарын кынтыксыз сактоонун, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн тийиштүү милдеттерди жана чектөөлөрдү, ошондой эле мугалимдер, студенттер, дарыгерлерди жана башка мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди шайлоодогу үгүт иштерине тартууга жол берилбестигинин маанилүүлүгүн эске салды.

Жыйында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын, саламаттыкты сактоо министрлиги, энергетика министрлиги, тышкы иштер министрлиги жана ички иштер министрликтеринин жетекчилеринин, ошондой эле Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин парламенттик шайлоону өткөрүүгө даярдыктары тууралуу маалыматтары угулду.

Кеңешменин жыйынтыгында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине Кыргыз Республикасынын Президентинин «2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына ылайык тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий