• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын төрагасы болуп Талант Мамытов шайланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.12.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын төрагасы болуп Талант Мамытов шайланды.

Төрагалык кызматка эки талапкер: "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан Адахан Мадумаров, "Ынтымак" фракциясынан Талант Мамытов көрсөтүлгөн.

Эскерте кетсек, бүгүн, 29-декабрда, Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайланып келген жаңы депутаттар ант берди.

Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы менен тааныштырып, шайланып келген депутаттарга тиешелүү ырастама (кызматтык күбөлүк) жана төш белги тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий